Кыргызстанда блогерлерге жана соцтармактарда төлгөчүлөр менен «сыйкырчылардын» кызматтарын жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Кыргызстанда блогерлерге жана соцтармактарда төлгөчүлөр менен «сыйкырчылардын» кызматтарын жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда оккульттук-мистикалык кызматтарды жана тиешелүү билими жок адамдар көрсөткөн психологиялык кызматтарды жарнамалоого коюлган чектөөнү кеңейтүү сунушталууда. Бул тууралуу «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоордо айтылат.

Долбоорго ылайык, тыюу интернетке, социалдык тармактарга жана мессенжерлерге да жайылтылат.

Мында жарнама катары кадимки жарыялар гана эмес, кардарларды тартууга багытталган сунуштар, пикирлер, маектер, түз эфирлер жана башка материалдар да эсептелет.

Чектөө жарыянын автору бул үчүн акы алган-албаганына карабастан колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле өз кызматын өзү жарнамалоого да тыюу салуу каралууда.

Ал эми кардарларды тартуу максатын көздөбөгөн илимий, билим берүү, журналисттик жана көркөм материалдарга чектөө киргизүү пландалган жок.

Долбоорду иштеп чыгуучулар белгилегендей, учурдагы жарнамага тыюу салуу мындай кызматтардын көрсөтүлүшүнө өз алдынча тоскоолдук жаратпайт. Анткени кардарлар жеке сунуштар, жабык топтор, мессенжерлер, жеке байланыштар же кыйыр жарыялар аркылуу тартылышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу долбоордо жарнаманы чектөө менен гана чектелбестен, оккульттук-мистикалык кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле тиешелүү билими жок адамдардын психологиялык жардам көрсөтүүсүнө тыюу салуу сунушталууда.

Маалымкатта чет өлкөлүк тажрыйба катары Түркиянын мисалы келтирилген. Ал өлкөдө төлгөчүлөрдүн, медиумдардын, астрологдордун жана ушул сыяктуу адамдардын кызматтарын, анын ичинде санариптик чөйрөдө жарнамалоого тыюу салынган.

Ошондой эле долбоордун авторлору Түркияда төлгө ачуу кызматтарын көрсөткөн Faladdin жана Binnaz сервистерине, ошондой эле аларга байланыштуу социалдык тармактардагы аккаунттарга кирүүнү чектөө тажрыйбасын мисал катары келтиришкен.