Жарандын кыймылсыз мүлктөрүн коркутуу жолу менен тартып алган УКМК кызматкерлери тууралуу айтылды
президенттин администрациясы
3 ноябрь

Жарандын кыймылсыз мүлктөрүн коркутуу жолу менен тартып алган УКМК кызматкерлери тууралуу айтылды

Бишкектин Медер аттуу тургунунун үйүн, машинасын жана контейнерин УКМКнын эки кызматкери коркутуу жолу менен тартып алышкан. Бул тууралуу жаран өзү президент Садыр Жапаровго Бакай-Ата районундагы жолугушууда жеткирди. 

Айтымында, 2025-жылы август айында Бишкектеги кыймылсыз мүлкүн УКМКнын эки кызматкери коркутуп, өздөрүнө жаздырып алышкан. 

“Болбосо 8 жылдан 14 жылга чейин каматабыз, система деген бизбиз дешти. Алардын бардык телефон чалууларын, коркуткан билдирүүлөрүн жаздырып алгам”, - деди ал.

Ал белгилегендей, бул боюнча УКМКга арыз жазган. Ал жактан эч кандай чара көрүлбөгөндөн кийин Башкы прокуратурага кайрылган.

Прокуратура кылмыш ишин козгоп, эки кызматкерди 65 күнгө СИЗОго каматкан. Бирок кызматкерлер ал жактан дагы жаранга кысым жасашып, тосмо арыз жаздырып алышкан дагы, эркиндикке чыгышкан. 

“Учурда алар өлкө аймагынан сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен эркиндикте жүрүшөт”, - деди жаран. 

Президент бул ишти Башкы прокуратурага тапшырды.