Бишкекте эки iPhone жана 15 миң сомду алдап алган деп шектелген жаран кармалды
Бишкекте уюлдук телефондорду блоктон чыгаруу шылтоосу менен эки телефонду жана 15 миң сомду ээлеп алган деп шектелген 1996-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 15-августунда Ак-Ордо конушунда болгон. Шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, «iPhone 14 Pro Max» жана «iPhone 17 Pro» үлгүсүндөгү телефондорун, ошондой эле 15 миң сомун алып, из жашырып кеткен. Келтирилген материалдык зыян 185 миң сомду түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын ушул сыяктуу дагы беш фактыга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.
Милиция аталган жарандан жабыркагандар болсо, 0502 228 528 жана 0555 655 788 номерлерине кабарлоону өтүнөт.
