Президент Айтматов жана Манас райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жеткени маалымдалды. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 625 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.
Муну менен катар, акыркы беш жылда райондо тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйгөн: 2021-жылдагы 530 млн сомдон 2025-жылы 1,6 млрд сомго жеткен. 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөн. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин көлөмү 488,9 млн сомго, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,05 млрд сомго жеткен.
Каралып жаткан мезгил аралыгында райондо 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган. Дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Жол жана ирригациялык инфраструктурада олуттуу иштер жүргүзүлгөн: 61 км жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген, Сарымсак каналын оңдоо иштери уланууда. Жети айылда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Муну менен катар, райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу милдеттери белгиленди. Алардын катарында наркы 180 млн сомду түзгөн калкты тейлөө борборун куруу жана 300 млн сом каралган айылдык калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо бар.
Андан ары Мамлекет башчысы Манас районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Алсак, райондун мамлекеттик бюджетинин көлөмү өсүшүн улантууда: 2021-жылы 83 млрд 110,3 млн сомду, 2022-жылы 80 млрд 716,6 млн сомду түзгөн. Кийинки жылдары бюджеттик көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү байкалган. 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин көлөмү 107 млрд 374,8 млн сомго, 2024-жылы 129 млрд 399,3 млн сомго, ал эми 2025-жылы 195 млрд 149 млн сомго жеткен. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин көлөмү 158 млрд 360,8 млн сомду түзгөн. Сунушталган болжолдуу маалыматтарга ылайык, жылдык көрсөткүч 208 млрд 440,8 млн сом деңгээлинде болушу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү кыйла өскөнү байкалууда. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 396 млрд 200 млн сомду түзгөн. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 501 млрд 460 млн сомго жетери күтүлүүдө.
Инвестициялардын көлөмү да оң динамиканы көрсөтүүдө: 2021-жылы инвестициялардын көлөмү 293 млрд 465,2 млн сомду, 2022-жылы 266 млрд 832,7 млн сомду түзгөн. 2023-жылы көрсөткүч 543 млрд 648,4 млн сомго чейин өсүп, 2024-жылы 806 млрд 299,1 млн сомго жеткен. 2025-жылы инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйүп, 3 трлн 175 млрд 848,5 млн сомду түзгөн. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын көлөмү 2 трлн 82 млрд 946,1 млн сомго жеткен. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 2 трлн 177 млрд 946,1 млн сомду түзөрү күтүлүүдө.
Белгиленгендей, Манас районунда калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган 14 жаңы социалдык объектти куруу пландалууда. Пландалган объекттердин катарында 4 саламаттык сактоо мекемеси, 4 мектеп жана 6 бала бакча бар.
Мындан тышкары, бул жерде 400 млн сом суммасында инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылууда. Манас районун өнүктүрүү планынын алкагында калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган эки ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу каралган.
Биринчи долбоордо Семетей айылында калкты тейлөө борборун куруу камтылган. Долбоордун наркы 200 млн сомду түзөт. Экинчи долбоор Семетей айылында узундугу 47 чакырымды түзгөн таза ичүүчү суу берүү системасын курууга багытталган. Бул долбоордун наркы да 200 млн сомду түзөт.
