Айтматов районунда беш жылда 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген
президенттин администрациясы
3 ноябрь

Айтматов районунда беш жылда 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген

Талас облусуна караштуу Айматов районунда акыркы беш жылда 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда президент Садыр Жапаровдун райондун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышкан учурда айтылды. 

Маалыматта айтылгандай, ошондой эле мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган. Дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Жол жана ирригациялык инфраструктурада олуттуу иштер жүргүзүлгөн: 61 км жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген, Сарымсак каналын оңдоо иштери уланууда. Жети айылда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Муну менен катар, райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу милдеттери белгиленди. Алардын катарында наркы 180 млн сомду түзгөн калкты тейлөө борборун куруу жана 300 млн сом каралган айылдык калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо бар.