Бишкектеги «Ала-Тоо» базарынын соодагерлери үчүн салык салуу тартиби өзгөрүшү мүмкүн
Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» соода-базар комплекси атайын салык режими колдонулуучу базарлардын тизмесине киргизилиши мүмкүн. Бул демилгени Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги карап жатат.
Министрлер кабинетинин токтом долбооруна ылайык, атайын салык режими колдонулган базарлардын учурдагы тизмесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Буга «Ордо Курулуш Компани» ЖЧКсынын 2026-жылдын 13-октябрында Мамлекеттик салык кызматына жөнөткөн кайрылуусу негиз болгон. Документте аталган компания комплекстин аймагында иш жүргүзгөн субъект катары көрсөтүлгөн.
Сунушталып жаткан механизм «Ала-Тоо» комплексиндеги ишкерлерге мыйзамда каралган соода ишмердигине атайын салыкты колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Экономика жана коммерция министрлиги комплекстин аймагында салык салуунун бирдиктүү тартибин колдонуу салык төлөмдөрүн администрациялоону жеңилдетет деп эсептейт.
Азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, андан кийин Министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүлүшү мүмкүн.
