Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп шектелген 10 адам кармалды
3 ноябрь

Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп шектелген 10 адам кармалды

Казакстандын батыш аймагында мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп шектелген 10 адам кармалды.

Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Атайын операция 30-октябрда прокуратура органдарынын координациясы астында Атырау шаарында жүргүзүлгөн.

Тергөө версиясы боюнча, топтун мүчөлөрү Казакстандын батыш аймагында конституциялык түзүлүштүн негиздерин күч колдонуу менен өзгөртүүнү көздөшкөн.

Ошондой эле кармалгандар экстремисттик топ түзүүгө, аны жетектөөгө жана анын ишмердүүлүгүнө катышууга, терроризмди пропагандалоого жана диний кастыкты козутууга шектелүүдө.

Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, баңгизаттар, диний буюмдар, адабияттар жана башка далил буюмдар алынган.

Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук комитети топтун мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн деп шектелген балдар жана өспүрүмдөр үчүн үч көмүскө окуу борборунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди.

Кармалгандардын айрымдары буга чейин террордук жана жалпы кылмыштар үчүн соттолгон.

Тергөө иштеринин башка жагдайлары азырынча ачыктала элек.