Акыркы беш жылда Айтматов районунун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Акыркы беш жылда Айтматов районунун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн

Акыркы беш жылда Талас облусуна караштуу Айтматов районунун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда президент Садыр Жапаровдун райондун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышкан учурда айтылды. 

Маалыматка ылайык, раойондун бюджети 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жеткен.

2026-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 625 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.

Муну менен катар, акыркы беш жылда райондо тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйгөн: 2021-жылдагы 530 млн сомдон 2025-жылы 1,6 млрд сомго жеткен. 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөн. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин көлөмү 488,9 млн сомго, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,05 млрд сомго жеткен.