Бакай-Атада 11 млн сом уурдагандарды президенттин бараарына 4 күн калганда гана эстешкен
Президент Садыр Жапаровдун Бакай-Ата районундагы жолугушуусунда Айгүл аттуу жаран 2022-жылы бюджеттик каражаттардын уурдалганын, бирок айыптуулар толук кандуу жоопкерчиликке тартылбаганын билдирди.
Айтымында, 2022-жылдын күз айларында райондук билим берүү бөлүмүндө 11 миллион сом уурдалган. Бул ишке 10 адам шектүү болгон. бирок 2024-жылдын жазында алардын төртөөсү, жай мезгилинде бирөөсү камалган.
“Мен бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылдым, эмнеге калган 5 адам жоопко тартылбайт деген маселе менен. Ал жактан кайра мени коркутушуп, жалган жалаа үчүн өзүңүзгө кылмыш ишин козгойбуз дешти”, - деди ал.
Айтымында, 2026-жылдын февралында дагы бир шектүүгө кылмыш иши козголгон. Ал эми калган төрт адамга кылмыш иши президент Бакай-
Атага келээрине төрт күн калганда гана башталган.
“Уурдаганга тиешеси бар адамдардын бири да жазасыз калбашы керек”, - деди президент.
Ал бул ишти тыкыр иликтөөнү прокуратурага тапшырды.
