УКМК Чүйдөгү беш салмак-габариттик көзөмөл бекетинде бир катар кызматкерлерди кармады
КР УКМК оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан белгиленген салмак-габариттик ченемдерди бузган транспорт каражаттарын тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу фактыларын аныктады.
Тактап айтканда, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2026-жылдын 28-октябрында КР УКМК кызматкерлери тарабынан Чүй облусундагы беш салмак-габариттик көзөмөл бекетинде бир катар кызматкерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аныкталган коррупциялык схема белгиленген ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын көзөмөлсүз өтүшүнө шарт түзүп, автомобиль жолдоруна жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү коркунучун жараткан.
Учурда мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды жана иштин жагдайларын аныктоо максатында мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
