Кыргызстан БАЭ менен агроөнөр жай кызматташтыгын талкуулады 
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
3 ноябрь

Кыргызстан БАЭ менен агроөнөр жай кызматташтыгын талкуулады 

Суу ресурстары министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Дубай соода палатасынын Жакынкы Чыгыш жана КМШ аймагы боюнча директору Абдулла Бакер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы агроөнөр жай комплекси тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Атап айтканда, тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, айыл чарба тармагына инвестицияларды тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Мындан тышкары, агрардык тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси багытындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.