Кыргызстанда Бажы кызматына мамлекеттик сырларды жашыруун деп таануу боюнча ыйгарым укуктар берилет
3 ноябрь

Кыргызстанда Бажы кызматына мамлекеттик сырларды жашыруун деп таануу боюнча ыйгарым укуктар берилет

Кыргызстанда Мамлекеттик бажы кызматы мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды жашыруун деп таанууга ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине киргизилет. Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин токтому менен каралган.

Документ менен мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды жашыруун деп таанууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын тизмесин жөнгө салган 2024-жылдын 26-апрелиндеги №206 токтомго өзгөртүүлөр киргизилет.

Ага ылайык, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы мындай ыйгарым укукка ээ органдардын расмий тизмесине кошулат.

Муну менен катар бажы органдарынын карамагына өткөрүлө турган мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын тизмеси да кеңейтилет.

Тактап айтканда, Мамлекеттик бажы кызматы курал-жаракка байланыштуу айрым жашыруун маалыматтар менен иштөөгө ыйгарым укуктуу органдардын катарына киргизилет. Ошондой эле мамлекеттик сырга кирген маалыматтардын тизмесиндеги башка бир катар пункттарга да бажы кызматы кошулат.

Мындан тышкары, тизмедеги пункттардын биринде мурда Финансы министрлигине таандык болгон ыйгарым укуктар Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлөт.

Токтомдун талаптарын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик бажы кызматы тиешелүү чараларды көрүшү керек.

Документтин аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.