Электр менен жылытылган көп кабаттуу үйлөр үчүн уруксат берилген кубаттуулук 7 кВтка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн
Электр энергиясын пайдалануунун уруксат берилген кубаттуулугун 5 кВттан 7 кВтка чейин жогорулатуу сунушу бир фазалуу эсептегичтери бар жана электр энергиясы менен жылыган көп кабаттуу үйлөргө гана тиешелүү болот. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтан билдиришти.
Ишканадан түшүндүрүшкөндөй, мындай үйлөрдүн жашоочулары электр энергиясын тамак-аш даярдоого жана тиричилик техникаларын колдонууга гана эмес, күз-кыш мезгилинде жылытуунун негизги булагы катары да пайдаланышат.
Мындан улам суук мезгилде трансформатордук жабдууларга түшкөн жүк кыйла көбөйөт.
Бишкек шаарында мындай категорияга кирген 276 көп кабаттуу үй бар.
Ал эми башка турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү, анын ичинде жеке турак үйлөрдүн ээлери үчүн бир фазалуу электр киргизүүнүн уруксат берилген кубаттуулугу мурдагыдай эле 5 кВт бойдон калат.
Буга чейин Энергетика министрлиги жана бөлүштүрүүчү электр компаниялары уруксат берилген кубаттуулукту 5 кВттан 7 кВтка чейин жогорулатуу сунушун Министрлер кабинетине киргизген.
Энергетика тармагында бул демилге суук мезгилде электр кубаттуулугу жетишсиз болуп жатканын айтып, жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшкөндүктөн улам көтөрүлгөнү белгиленген.
