Маданият өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу учурунда жагымсыз жагдай орун алды. Кызматкерлерге чара көрүлдү
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Маданият өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу учурунда жагымсыз жагдай орун алды. Кызматкерлерге чара көрүлдү

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшыруу аземинде жагымсыз жагдай орун алды.

Маданият министрлигинен кеп 2-ноябрдагы сыйлыктарды тапшыруу учурунда болгондугун билдиришти.

"Иш-чаранын алып баруучусу Калый Молдобасонов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын Кыргыз улуттук филармониясы деп жаңылыш атап алган. Аталган ката социалдык тармактарда тарап, коомчулуктун көңүлүн бурду.

Бул жагдайга байланыштуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүдө кызматтык жоопкерчиликти жетиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыгы үчүн тиешелүү кызматкерге карата дисциплинардык чара көрдү", - деп айтылат билдирүүдө.