Бишкектеги «Скай Баку» кафесинде кардарлар мушташып, эки адам жабыркады
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 ноябрь

Бишкектеги «Скай Баку» кафесинде кардарлар мушташып, эки адам жабыркады

Социалдык тармактарда Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан «Евразия» соода борборунун бешинчи кабатындагы «Скай Баку» мекемесинде болгон окуя талкууланууда.

Жарыяланган маалыматтарда мекеменин күзөт кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү ичкери киргизип, кардарлардын ортосундагы чыр-чатактарга дайыма эле кийлигише бербейт деген дооматтар айтылууда. Бирок бул маалыматтар расмий түрдө тастыктала элек.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган жайда 1-ноябрга караган түнү мушташ чыккан.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя тууралуу билдирүү саат 03:28 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер кардарлардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал мушташка айланганын аныкташкан.

Натыйжада 2003 жана 2005-жылы туулган эки жаран токмок жеген.

Бул факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Милиция кызматкерлери окуяга катышкан бардык адамдардын өздүгүн аныктап, райондук башкармалыкка жеткиришкен.

Аларга Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлгөн. Окуяга катышкандар райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Свердлов РИИБи коомдук тартипти бузууга жол берилбеши керектигин эскертип, мыйзамсыз аракеттерге барган жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда айтылган жашы жете электерди мекемеге киргизүү жана күзөт кызматкерлеринин аракетсиздиги тууралуу дооматтар милициянын расмий билдирүүсүндө тастыкталган эмес. Бул жагдайлар өзүнчө текшерүүнү талап кылат.