Кыргыз театрына 100 жыл. Бишкекте майрамдык шоу-концерт өттү
2026-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдык мааракесине жана 2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Майрамдык иш-чаранын башында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган театрлардын чыгармачыл жамааттарынын салтанаттуу жөө жүрүшү менен башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген театр өкүлдөрү катышып, кыргыз профессионал театрынын кылымдык тарыхын, улуттук маданияттагы ордун жана маанисин даңазалашты.
Жөө жүрүштөн соң майрамдык программа чоң шоу-концерт менен уланды. Көрүүчүлөргө кыргыз театрынын тарыхын, басып өткөн жолун жана улуттук искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырган театрлаштырылган көркөм программа тартууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, маданият жана искусство ишмерлери, театрлардын чыгармачыл жамааттары жана шаар тургундары катышты.
Өз сөзүндө министр Мирбек Мамбеталиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, улуттук театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан чыгармачыл инсандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле театр өнөрүнүн тарыхый маанисин белгилеп, анын улуттук руханий баалуулуктарды сактоодогу жана кийинки муундарга өткөрүп берүүдөгү орду өзгөчө экенин белгиледи.
Майрамдык концертте кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары жана чыгармачыл инсандар өнөрлөрүн тартуулашты. Атап айтканда, Саламат Садыкова, Керим Турапов, Асылыбек Өзүбеков, Бек Борбиев, Курал Чокоев, Азат Раимбердиев, Жийдеш Идирисова, Жанар Туратова, Малика Дина, Бегиш, Миран Жанарбаев, Эра, Эламан Каныбеков, Насип Мырза жана «Мета» тобу сахнага чыгып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.
Белгилей кетсек, кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси өлкө боюнча бир катар маданий иш-чаралар менен белгиленип, улуттук театр искусствосунун бай тарыхын, чыгармачылык жетишкендиктерин даңазалоого жана анын келечектеги өнүгүүсүнө багытталган.
