Абактагы Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрадан кат жолдоду
сүрөт социалдык тармактардан алынды
3 ноябрь

Абактагы Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрадан кат жолдоду

Камактагы KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрадан кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Би-Би-Си кыргыз кызматы жазды.

Ташов катында буга чейин УКМК кызматкерлери президентке жалган маалымат берип жатышы мүмкүн экенин айтканын эске салган. Ал кайрадан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кыйноого, кысымга жана чагымчыл аракеттерге кабылганын билдирген.

Ошондой эле Ташов кыйноолорго жана катаал мамилеге кабылганын буга чейин айтып чыккан башка кыргызстандыктардын окуяларын мисал келтирген.

«Макул, мага ишенген жоксуз дейли. Бирок тергөө учурундагы кыйноолордон кийин майып болуп калган Бакай Кудайбергеновдун, ток менен кыйнап, сабашканын айткан Аскат Жетигендин, атасы кыйноодон кийин каза болгонун билдирген Жалал-Абаддык аялдын окуялары далил катары жетишсизби?» – деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары, Ташов буга чейин жарыяланган видеодо көрсөтүлгөн 450 миң доллар тууралуу да пикирин билдирген.

Анын айтымында, бул акча УКМКга таандык болгон жана иш жүзүндө эч кимге берилген эмес.

Ташовдун билдиришинче, 2023-жылдын 8-декабрында соттон кийин УКМКнын эки кызматкери аны күч менен кармап, «Хаят» мейманканасына алып барышкан. Ал жерде алдын ала даярдалган 450 миң доллар салынган баштыкты өткөрүп жаткан учуру тартылган видеону жаздырышкан.

«Бул кызматкерлер менен WhatsApp аркылуу жазышуулар да бар. Мени кармап, алып жүргөн унаа — мамлекеттик номери 281 AFZ болгон ак түстөгү Lexus», — деп билдирген Ташов.

Ошол эле учурда Ташовдун бул билдирүүлөрү сот тарабынан аныкталган фактылар болуп эсептелбейт. Буга чейин УКМК аны уурдоо жана мыйзамсыз кысым көрсөтүү боюнча айыптоолорду четке каккан.

Ташовдун жактоочусу Рабига Садыкова Би-Би-Сиге билдиргендей, эгер жаңы кайрылуу жоопсуз калса, жактоочулар кыйноолор тууралуу билдирүүлөр боюнча эл аралык органдарга кайрылууга даяр.

Буга чейин Имамидин Ташовдун апасы Кадамжай районунун тургундары менен жолугушуу учурунда президентке кайрылган. Анда Садыр Жапаров ишкердин күнөөсү далилденген деп эсептей турганын билдирген.

2025-жылдын июль айында Биринчи май райондук соту Ташовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды жасоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Алгач ага тогуз жылга эркинен ажыратуу жазасы берилген. Кийин Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн сегиз жылга кыскарткан.

Имамидин Ташов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.