Ош шаарында жылуулук бериле баштады
Бүгүн, 2-ноябрдан тарта Ош шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жылуулук бериле баштады.
Ал эми 4-ноябрдан тарта шаардагы турак үйлөргө жылуулук этап-этабы менен жеткирилет.
Бул тууралуу бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин төрагалыгы алдында өткөн кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында маалымдалды.
Жыйында муниципалдык ишканалардын жана тиешелүү кызматтардын кышка даярдыгы, калкты электр энергиясы, жылуулук жана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, газдаштыруу иштеринин жүрүшү, трансформатордук көмөкчордондордун абалы жана атайын техникалардын даярдыгы каралды.
Жыйынтыгында Эрнис Толтоев жооптуу кызматтардын жетекчилерине кыш мезгилинде шаар тургундарына сапаттуу жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууну, ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр болууну тапшырды.
