Кыргызстан менен Азербайжан монополияга каршы саясат жаатында ведомстволор аралык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты
Азербайжан Республикасынын Ханкенди шаарында Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 61-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова менен Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Монополияга каршы саясат жана керектөө рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Эльнур Багировдун эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар монополияга каршы саясат, атаандаштыкты коргоо жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жаатында ведомстволор аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Укук колдонуу практикасы, анын ичинде Азербайжан Республикасынын Атаандаштык жөнүндө кодексин ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле бааларга мониторинг жүргүзүү жана монополияга каршы көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар түз жумушчу байланыштарды чыңдоого жана эксперттик кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле практикалык тажрыйба алмашуу жана монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана баа түзүү жаатындагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында жакынкы мезгилде өз ара жумушчу сапарларды уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.
