Ар бир облуска бир акысыз адвокат дайындалат. Президент элдин юридикалык маселелерин чечүү жолун айтты
2 ноябрь

Ар бир облуска бир акысыз адвокат дайындалат. Президент элдин юридикалык маселелерин чечүү жолун айтты

Президент Садыр Жапаров ар бир облуска элге акысыз юридикалык кызмат көрсөткөн бирден адисти дайындоону чечти.

Ал бул тууралуу Бакай-Ата районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы Солтонкулова Мунара аттуу жергиликтүү тургун кайрылды. Айтымында, 80 жаштагы апасы көп жыл мурда Талас шаарынан 8 сотых жер тилке алган. 2017-жылы ага кызыл китеп алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган. Бирок документ 5 сотых жер үчүн гана берилген дагы, калганы кошунасына сатылып кеткен.

“Он жылдан бери кайрылбаган жерим калбады. Губернаторго да жакында эле бардым, жанындагыларга чечип бергиле деп койгон. Бирок сыртка чыккандан кийин адвокат жалдашым керектигин айтышты. 5 балам, карыган апам колумда, адвокатка чама-чаркым жетпейт”, - деди ал.

Губернатор аталган жер тилке талаш болуп жатканын, эки тарапка тең кызыл китеп берилип кеткенин билдирди.

“Талаш жерлерди сот, УКМК, прокуратура аркылуу чечкиле да. Кимисине тиешелүү болсо, ошого бергиле. 20-30 жылдан бери чечилбей келген маселелерди облустук деңгээлде чечкиле деп ыйгарым укукту бердик. Жалаң ушундай маселелер. Ошол кызыл китепти эки тарапка тең берип салгандар тирүү жүрсө керек, жоопко тарткыла”, - деди мамлекет башчы.

Ошондой эле ал элге юридикалык маселелердин чечилишин жеткиликтүү кылуу үчүн ар бир облуска бирден адвокат дайындоону сунуштады.

“Айлыгын мамлекет төлөп берсин. Адвокат жалдоого мүмкүнчүлүгү жок жарандардын ишин акысыз аткара тургандай кылалы. Болбосо ушундай маселелерде адвокат жалда деген шылтоо менен “иттен чыгарып коюп” атышат”, - деди Садыр Жапаров.