Бишкекте Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди
Бишкек мэриясы
2 ноябрь

Бишкекте Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бишкек шаарынын мэриясынын «Тунгуч» залында 2026-жылдын 2-ноябрында Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара  өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Борбор калаанын мэри маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын улуттук баалуулуктарды, маданий мурастарды сактоого жана шаардын маданий турмушун өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

«Маданият – бул элдин руханий байлыгы, анын улуттук жүзү жана тарыхый эс тутуму. Ал баалуулуктарыбызды сактап, муундар ортосундагы байланышты бекемдеп, коомдун руханий өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Маданиятты сактоо жана өнүктүрүү – ардактуу жана жоопкерчиликтүү милдет. Сиздер бул милдетти татыктуу аткарып, борбор калаанын маданий турмушуна олуттуу салым кошуп келесиздер.

Бишкек шаарынын мэриясы маданиятты  өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Биз маданият объектилерин калыбына келтирүү жана жаңылоо багытында ырааттуу иштерди жүргүзүп, аларды шаардын жашоосундагы татыктуу ордуна кайтаруудабыз.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, ак ниет эмгегиңиздер, өз ишиңиздерге болгон берилгендигиңиздер жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Шаарыбызда ушундай таланттуу жана өз ишине берилген адамдардын эмгектенип жатканына сыймыктанабыз. Эл аралык, республикалык жана шаардык иш-чаралар жыл сайын мындан да жогорку деңгээлде өтүп, мазмуну байып, масштабы кеңейип, көрүүчүлөрүнүн саны арта берерине ишенем», – деп белгиледи мэр Айбек Жунушалиев.

Кесипкөйлүгү жана ак ниет эмгеги үчүн тармактын бир катар кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Майрамдык маанайды ата мекендик эстраданын белгилүү өкүлдөрү жана чыгармачыл жамааттар катышкан концерттик программа толуктады. Кеченин конокторуна Кыргыз Республикасынын эл артисттери Алтынай Нарбаева жана Бакыт Ыбыкеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Каныкей Раймалиева, Алтынай Асанбекова, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бий ритмдери боюнча сынагынын Гран-при сыйлыгынын ээси «Семетей» бий ансамбли, ошондой эле «Кыргыз-Руху» фольклордук ансамбли өнөр тартуулашты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын тутумунда 1 500дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Башкармалыктын карамагында 7 маданият үйү, А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры, 39 китепкана, 9 балдар искусство мектеби, 1 көркөм сүрөт мектеби, 8 музей жана ачык асман алдындагы скульптура музейи бар.

Мындан тышкары, борбор калаада 17 кесипкөй жана өздүк көркөм чыгармачылык жамаат иш алып барат. Алардын 8и кесипкөй чыгармачыл топтор болуп саналат. Алардын катарында «Сувенир», «Семетей», «Кыргыз-Руху», «Доор», «Акак» ансамблдери, Чоң симфониялык оркестр, ошондой эле үйлөмө жана эл аспаптар оркестрлери бар.