Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун эли менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы Талас облусунда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, жетишилген натыйжаларга жана мындан аркы өнүгүү келечегине токтолду, жашоочулардын кайрылууларын угуп, аймактагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулады.
Садыр Жапаров өз сөзүндө бюджеттик кирешелердин өсүшүнө жана Талас облусунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине басым жасады.
“Акыркы жылдары өлкөбүздө мамлекеттик бюджеттин кирешелерин көбөйтүү, салыктык жана бажылык башкарууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы кыскартуу жаатында системалуу иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Аракеттерибиз текке кеткен жок, натыйжасы аймактардын өнүгүүсүнө таасир этти”, - деди Президент.
Андан ары Садыр Жапаров Талас облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, социалдык объекттерди курууга жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган мамлекеттик инвестицияларга токтолду.
Тактап айтканда, социалдык, билим берүү, маданий жана өндүрүштүк мекемелерди камтыган 29 объекттин курулушу аяктады. Мындан тышкары, Талас районунда объекттерди оңдоого, жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ичүүчү суу менен камсыздоого жана сугат иштерине 366 млн сом каралган, ал эми Бакай-Ата районунда 12 объектти капиталдык курууга 226 млн сом бөлүнгөн.
Ошону менен бирге Президент өнөр жайды өнүктүрүү, Жерүй кенин өздөштүрүү жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана бюджетке түшүүчү кирешелерди көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров жарандардын социалдык жактан корголушун жогорулатуу, аймактын билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди.
“Саламаттык сактоо тармагы боюнча Талас шаарында перинаталдык борбордун курулушу жүрүп жатат. Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы 25 орундуу оорукананын курулушу 74 пайызга аткарылды. Бакай-Атада болсо Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 100 орундуу имаратынын курулушу жаңыдан башталды.
Ал эми келерки жылы Талас облустук бириккен ооруканасынын 350 орундуу имаратын, ошондой эле Талас, Манас, Айтматов райондорунун ар бирине Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун 100 орундуу имаратын куруп берели деген пландарыбыз бар”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Ошондой эле Президент энергетиканы өнүктүрүү жана жаңы ГЭСтерди куруу тууралуу айтып берди.
Талас шаарынын мэринин, Талас жана Бакай-Ата райондорунун акимдеринин презентацияларынын жыйынтыгын чыгарып жатып, Мамлекет башчысы алар көтөргөн маселелердин басымдуу бөлүгү — мектептерди, бала бакчаларды, спорт аянтчаларын куруу жана ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйлөрү жакынкы жылдары планга ылайык чечилерин белгиледи.
Андан соң Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга “район — облус”жана “облус — республика” багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуучу автобус каттамдарын уюштуруу иштерин улантууну тапшырды.
Президент ошондой эле Бакай-Ата районунда кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкананын курулушун колдоо зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.
