Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 ноябрь

Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкек шаарында 2026-жылдын 5-ноябрында «Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо» аттуу өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен биргеликте уюштурулууда. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен кабарлашты. 

Форумдун максаты — Кыргызстандын артыкчылыктуу өнөр жай демилгелерин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу, ошондой эле өкмөттөрдүн, эл аралык финансы институттарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жеке сектордун жана потенциалдуу инвесторлордун ортосунда диалог түзүү.

Талкуулардын негизин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЮНИДОнун ортосундагы Мамлекеттик өнөктөштүк программасы (МӨП) түзөт.

Форумдун программасы төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • Жогорку деңгээлдеги стратегиялык диалог — туруктуу өнөр жай трансформациясынын жалпы көз карашын талкуулоо жана МӨПтүн координациялык платформа катары ролун аныктоо.
  • Инвестициялык диалог — негизги демилгелерди талкуулоо: интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү, санариптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган электрондук окутуу платформасы, климаттык туруктуулукту эске алган чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү программасы, фармацевтика тармагын, ошондой эле текстиль жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү.
  • Регионалдык тажрыйба алмашуу — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн таза технологиялар жана электр унаалары үчүн сапаттуу инфраструктура жаатындагы инновациялык кызматташтыгы.
  • Жыйынтыктоочу сессия — негизги жыйынтыктарды чыгаруу жана кийинки кадамдарды аныктоо. Форумдун жыйынтыктары жыйынтыктоочу документте чагылдырылат.

Форумдун катышуучулары: Кыргызстандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, ЮНИДОнун, БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин, эл аралык финансы институттарынын жана өнүктүрүү болуп саналат.