Бишкекте кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата эки томдук китептин бет ачары болду
2026-жылдын 2-ноябрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин конференц-залында кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата «Кылым карыткан кыргыз театры» аталышындагы эки томдук китептин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү, театр ишмерлери, илимпоздор жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү катышты.
Эки томдук басылмада кыргыз театрынын түптөлүү тарыхы, өнүгүү этаптары, улуттук театр искусствосунун калыптанышына салым кошкон инсандардын өмүрү жана чыгармачылык жолу камтылган. Китеп кыргыз театр искусствосунун тарыхын изилдөөдө жана келечек муунга жеткирүүдө маанилүү булак болуп саналат.
Китептин бет ачарынан кийин иш-чара «Европалык үлгүдөгү кыргыз театрына 100 жыл: тарых жана заманбап өнүгүү контекстинде» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция менен уланды.
Конференциянын алкагында кыргыз театрынын тарыхы, улуттук театр искусствосунун бүгүнкү абалы, анын өнүгүү келечеги жана эл аралык маданий байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
