Аламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Башкы прокуратура
2 ноябрь

Аламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1998-жылы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,54 гектар болгон жайыт жерлери “К.” ЖЧКсына мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 70 млн 540 миң 200 сомду түзгөн, 0,54 гектар болгон жайыт жерлери мамлекеттик менчикке кайтарылды.