3-ноябрда Бишкектин 7-кичирайонунда суу убактылуу жок болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 ноябрь

3-ноябрда Бишкектин 7-кичирайонунда суу убактылуу жок болот

Бишкектин 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат.

Мэриядан кабарлашкандай, өчүрүү району: 7-кичи район № 33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43, 5Б

Диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.