Талас шаарында перинаталдык борбордун курулушу жүрүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 ноябрь

Талас шаарында перинаталдык борбордун курулушу жүрүүдө

Талас шаарында перинаталдык борбордун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 2-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди. 

Анын айтымына караганда, Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы 25 орундуу оорукананын курулушу 74 пайызга аткарылды.

"Бакай-Атада болсо Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 100 орундуу имаратынын курулушу жаңыдан башталды. Ал эми келерки жылы Талас облустук бириккен ооруканасынын 350 орундуу имаратын, ошондой эле Талас, Манас, Айтматов райондорунун ар бирине Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун 100 орундуу имаратын куруп берели деген пландарыбыз бар”, - деп белгиледи  амлекет башчысы.