Тилек Текебаев Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Амантур Исмаиловго 150 миң сом тапшырды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
2 ноябрь

Тилек Текебаев Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Амантур Исмаиловго 150 миң сом тапшырды

КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев бүгүн, 2-ноябрда грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Амантур Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Облус башчысы спортчуну Казакстанда өткөн дүйнөлүк биринчиликте ийгиликтүү күрөшүп, коло медаль жеңип алышы менен куттуктап, анын жетишкендиги Манас шаарынын, Жалал-Абад облусунун жана жалпы Кыргызстандын сыймыгы экенин белгиледи.

Амантур Исмаилов 72 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, чечүүчү беттеште россиялык атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медалга ээ болгон.

Тилек Текебаев спортчунун дүйнөлүк аренада көрсөткөн жогорку чеберчилигин, жеңишке болгон эркин жана талыкпаган эмгегин жогору баалап, бул ийгилик жаш муундар үчүн чоң үлгү экенин белгиледи. Ошондой эле спортчунун машыктыруучулары жана ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы Амантур Исмаиловго спорттогу жетишкендигин баалоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнгөн 150 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сертификат тапшырды. Ошондой эле машыктыруучусу Чыңгыз Пиримкуловго да 45 миң сом акчалай сыйлык берилди.