Сыймык Жапыкеев: Короосуна кошулгандай кой эмесмин
2 ноябрь

Сыймык Жапыкеев: Короосуна кошулгандай кой эмесмин

Мурдагы прокурор, Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовдун Ютуб каналына берген маегинде азыркы бийликке болгон бир топ таарынычын айтты.

Ал журналисттин “балким, сизди короосуна кошпой коюшканы үчүн ушинтип сындап жаткан жоксузбу?” деген суроосуна, “короосуна кошпой койгондой мен кой эмесмин”, - деп жооп берди.

“Кошпой койгудай мен кой эмесмин, мен мал эмесмин”, - деди ал.

Андан ары 6 жылдан бери бир да кызмат бербей коюшканын белгилеген.

“Мага кызмат беришкенде азыркыдай “безпредел” болмок эмес. Ташиев, аны-муну болмок эмес. Тынч жатмак”, - деди Жапыкеев.

“Мисалы, мага Финансы полиция эле болгондо, мисалы, Ташиевге нефтибазаны уурдатпайт элем, 300 миллионду жедиртпейт элем, жардам бермекмин”, - деди ал.