МСК кыйыр салыктар боюнча отчетто автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык төлөөчүнүн кабинетинде кыйыр салыктар боюнча STI-123_7 отчетунун 3-бөлүмүн автоматтык текшерүү функциясын ишке киргизди.
МСКдан аталган функция 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып жеткиликтүү экендигин билдиришти.
Система отчетто бардык товарлар көрсөтүлгөнүн, ТЭИ ТН коддору, өлчөө бирдиктери жана товарлардын саны туура киргизилгенин текшерет. Эгерде ката аныкталса, система ал тууралуу билдирүү берип, отчетту жөнөтүүдөн мурда оңдоого мүмкүнчүлүк түзөт. Автоматтык текшерүү каталардын алдын алууга жана отчетту толтурууну жеңилдетүүгө жардам берет.
Эске салсак, бул бөлүмдө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген жана КНСтин салык базасында тобокелдик белгилери бар товарлардын тизмесине киргизилген товарлар көрсөтүлөт.
Буга чейин да аталган товарларды отчеттун 3-бөлүмүндө көрсөтүү талап кылынган. Бирок айрым учурларда маалыматтар толук эмес же каталар менен киргизилип келген. Бул салык милдеттенмелерин кайра кароого жана кошумча салык төлөөгө алып келиши мүмкүн болгон.
Импорттоочуларга ташылып келинүүчү товарларды жана коштомо документтерди алдын ала текшерип, көрсөтүлгөн Тизмеге кирген товарлардын бар-жогун аныктоо жана аларды отчеттун 3-бөлүмүндө туура көрсөтүү сунушталат.
Тизме Салык кызматынын расмий сайтындагы «Пайдалуу маалымат» бөлүмүнүн «ЕАЭБ» бөлүмчөсүндөгү «КНСтин тобокелдик белгилери бар салык базасы» бөлүмүндө жайгаштырылган.
Автоматтык текшерүү колдонуудагы талаптарды сактоого жардам берет жана жаңы милдеттенмелерди киргизбейт.
