Жапыкеев Ташиев тууралуу:  Мен ойлочумун да, булар вау, укмуш деп...
2 ноябрь

Жапыкеев Ташиев тууралуу:  Мен ойлочумун да, булар вау, укмуш деп...

Сыймык Жапыкеев мурда Ташиевди мактап, азыр сындап калганынын себебин түшүндүрдү.

Ал журналист Эрнис Кыязовдун Ютуб каналына маек берип жатып, бир жылдын аралыгындагы пикиринин өзгөрүшүн мындайча чечмеледи:

“Ооба, мен мурда Ташиевди эркек, сөзүнө турат, көбүн кустурду, өпкөсүн жулду деп айткам. Ал кезде бизге Ташиев “кара плащ” эмес беле, супермен, өзүнчө эле “Зоро”. Анан 75ти алып келип, тигинтип-минтип, кашасы чыкты. Иниси Шаирбек Ташиев “Кыргызнефтигаздан” 4 миллиард жеп алыптыр, жээни 3 миллионго үй салыптыр. Толтура нерсеси чыкпадыбы. Мен ойлочумун да, булар вау, укмуш деп... Шаирбеги эле канча жесе... анан пикириң өзгөрөт да”.

Бирок кызматтан кеткенден кийин деле УКМКнын мурдагы башчысына сыйы ошол бойдон калганын белгилеген.

“Мен аны кыйын киши деп айткам, азыр деле сыйлайм, жакшы көрөм. Бирок ал тергөөчү эмес да, мындай макулдашышы керек эле да. Соткаларды ыргытып, такыр эле жинди болуп калды да. Такыр эле неадекват болуп калды да”, - деди Жапыкеев.