Жапыкеев Акылбек Жапаров тууралуу: Билимдүү, бирок акылсыз
2 ноябрь

Жапыкеев Акылбек Жапаров тууралуу: Билимдүү, бирок акылсыз

Мурдагы прокурор, Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев мурдагы өкмөт башчысы Акылбек Жапаровду “билимдүү акылсыз” атады. 

Ал бул тууралуу журналист Эрнис Кыязовдун Ютуб каналына берген маегинде билдирген. 

“Ал билимдүү, бирок акылсыз киши. Акылдуу болгондо ууру болбойт эле. Мындай “хапуга” болбойт эле. Ташиев айтпады беле, 30 миллиардды 3 орун басары менен жеп алыптыр деп. Ошол ушунун схемасы да. Бул абдан куу киши”, - деген ал. 

Жапыкеевдин айтымында, билим менен акыл өз-өзүнчө, бири бирине байланышпайт. Акылдуу адам сөзсүз билимдүү эмес, а билимдүү адамды сөзсүз акылдуу деп айтууга болбойт. 

“Ушуну түшүнүп алгылачы. Акылбек Жапаровдо билим бар, бирок акыл жок. Ой, ой, ой деп жүргөндү гана билет. Бул куулук. Акылдуу деп Наполеонду, Конфуцийди айтат. Ошол сыяктууларды айтат. Илим докторумун деп бир китеп бериптир, окусам баары эле суу. Бул кишинин баскан-турган жерин кетмендеш керек. Эбак эле камаш керек болчу”, - деди ал.