Президент алдыдагы 5-10 жылда жайлоолорго барчу жолдор дагы оңдолоорун билдирди
Президент Садыр Жапаров Бакай-Ата районунун тургундары менен жолугушуусунда алдыдагы 5-10 жылда өлкөнүн бардык аймактарындагы, алтурмак жайлоолорго чейинки жолдор салынаарын билдирди.
Жергиликтүү тургун облустагы жаңы конуштардын жолун Транспорт министрликке каратууну суранды.
Айтымында, айыл өкмөттөр дотацияда болгондуктан, жолду оңдотууга чама-чаркы жетпейт, мындан улам эл арасында нааразычылык жаралууда.
Президент ар бир нерсенин өз эрежеси бардыгын эске салды.
“Жаңы конуштарды Транспорт министрлигине карата албайбыз, ал айыл өкмөттөрүнүн балансында болот. Баарын эле республикалык кыла берсек, айыл өкмөт, аким эмнени иштейт? Негизги жолдор гана министрликтин карамагында болот. Чыдап тургула, 5-10 жылда бардык жолдор, анын ичинде жайлоо, курортторго чейин барчу жолдор жасалат”, - деди Жапаров.
