Кыргызстанда 49 маданият жана эс алуу паркы иштейт
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 ноябрь

Кыргызстанда 49 маданият жана эс алуу паркы иштейт

2025-жылы Кыргызстанда 49 маданият жана эс алуу паркы иштеген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Парктардын эң көбү Бишкек шаарында жайгашкан. Борбор калаада 15 парк болсо, Жалал-Абад облусунда 14 парк бар.

Ошондой эле 2025-жылдын аягына карата өлкөдө алты концерттик уюм иш алып барган. Алардын үчөө филармония болгон.

Бир жыл ичинде концерттик жамааттар жана аткаруучулар жалпысынан 197 концерт тартуулашкан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, көрүүчүлөрдүн эң көп саны Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттерине келген.