“Токтогул” футбол клубунун үч инфраструктуралык объектиси пайдаланууга берилди
“Токтогул” футбол клубунун үч инфраструктуралык объектиси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундаг өкүлчүлүгүнөн кабарлаштыю
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана футбол күйөрмандары катышты.
Ачылыш аземинде Эргеш Ормонов атындагы стадиондун табигый газон төшөлгөн негизги футбол талаасы, жаңы машыгуу талаасы жана оңдоп-түзөөдөн өткөн мейманкана комплекси пайдаланууга берилди.
Белгилей кетсек, “Токтогул” футбол клубу 2026-жылы Кыргызстандын Жогорку Лигасында дебют жасаган. Жаңыланган негизги талаада “Токтогул” жана “Дордой” командаларынын ортосунда футболдук беттеш өткөрүлдү.
Долбоорлор республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле “Футболду колдоо” коомдук фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган.
Үч кабаттуу мейманкана комплекси 23 бөлмөнү, 40 орундуу ресторанды жана конференц-залды камтыйт.
Жаңы инфраструктура Токтогул районунда футболду өнүктүрүүгө, жаш спортчуларды даярдоого жана ата мекендик футболдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөөрү белгиленди.
