Кыргызстандык фермерлер абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды 3% менен насыяга ала алышат
Кыргызстанга эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум малдын кошумча партиясы алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Буга чейин долбоордун алкагында өлкөгө асыл тукум малдын 300 баштан турган биринчи партиясы жеткирилген. Фермерлердин суроо-талабы жогору болгондуктан, малдын баары сатылып кеткен.
Эми айыл чарба өндүрүүчүлөрү чарбаларын кеңейтүү жана малдын санын көбөйтүү үчүн жаныбарларды «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому аркылуу сатып ала алышат.
Программанын алкагында фермерлерге жылдык 3% менен жеңилдетилген насыялар да берилет. Насыянын мөөнөтү беш жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин каралган.
500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз берилет. Ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки насыялар күрөөнүн негизинде берилет.
Каржылоо алуу үчүн «АБанк» же «Элдик Банкка» кайрылуу зарыл.
Министрликтен белгилешкендей, программа асыл тукум малдын үлүшүн көбөйтүүгө, эт өндүрүүнүн көлөмүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган.
