Кыргызстан менен Кытай эл аралык арбитраж тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт
КР СӨП
2 ноябрь

Кыргызстан менен Кытай эл аралык арбитраж тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

2026-жылдын 30-октябрында Үрүмчү шаарында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Эл аралык коммерциялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык арбитраж форумунда (Синьцзян) 2026 куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Ал кыргыз-кытай соода-экономикалык байланыштарынын жана инвестициялык кызматташтыгынын өсүшү шартында коммерциялык талаштарды ишенимдүү жана натыйжалуу чечүү механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Темир Сариев палатанын Кытайдагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы жана Кыргызстанда Эл аралык технологияларды трансферттөө борборунун филиалын түзүү соода-экономикалык, технологиялык жана өнөр жай тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.

Ошондой эле эки өлкөнүн арбитраждык институттарынын кызматташтыгын, тажрыйба алмашууну, медиацияны жана талаштарды чечүүдө санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.

«Укуктук туруктуулук — бул жолдор жана темир жолдор сыяктуу эле маанилүү инфраструктура. Келгиле, аны Жаңы Жибек жолунда биргеликте куралы», — деп белгиледи Темир Сариев.