Ош шаарында маданият жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды
Бүгүн, 2-ноябрь — Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Ош шаарында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы маданият жана искусство тармагында үзүрлүү эмгектенип, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, руханий баалуулуктарды сактоого жана жайылтууга, ошондой эле шаар тургундарынын маданий турмушун байытууга олуттуу салым кошкон бир катар кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келген ардагер Кыргыз Республикасынын "Ардак" медалы менен сыйланды.
Ошондой эле муниципалдык кызматта жоопкерчилик жана кесипкөйлүк менен эмгектенип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өнүктүрүүгө салым кошкон мэриянын кызматкерлерине, шаардык Кеңешинин депутаттарына "Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги" төш белгиси жана Ардак грамоталар тапшырылды.
