Шарм-эль-Шейх тыныгуу алды. Кыргызстандык туристтер эми кайсы жакка учууда
3 ноябрь

Шарм-эль-Шейх тыныгуу алды. Кыргызстандык туристтер эми кайсы жакка учууда

2026-жылдын 1-ноябрынан баштап Египетке барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн кошумча талаптар күчүнө кирди, бул эс алууну уюштурууну кыйла татаалдаштырды. Жаңы эрежелер туристтик брондоолордун массалык түрдө жокко чыгарылышына алып келди, ал эми Бишкек – Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттам 2026–2027-жылдардын кыш мезгилине токтотулат. Акыркы каттам 5-ноябрга белгиленген. Мындан улам туристтер башка багыттарга, атап айтканда Вьетнамга жана Таиландга басым жасоодо.

Жаңы чектөөлөр эмнеге кыргызстандык саякатчылар үчүн олуттуу тоскоолдукка айланганы, туристтик рыноктун катышуучулары кандай жоготууларга учураганы жана бүгүнкү күндө туристтерге кандай альтернативалар сунушталып жатканы тууралуу «Кабар» агенттигине BeFly Travel компаниясынын директору Талант Узакеев айтып берди.

– Талант, Египетке бара жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы талаптардын киргизилиши туристтик рынокко кандай таасир этти? Бул чектөөлөр туроператорлор үчүн канчалык күтүүсүз болду? Ушулар тууралуу айтып берсеңиз.

– Акыркы бир айдан бери биз талаптарды жана эрежелердин катаалдашын талкуулап жатабыз. Тизмелер таратылып, туроператорлор, биздикилер гана эмес, ал жакта иштеген башка компаниялар да кабардар болгон. Азыр Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери ушул багытта иштей башташса керек.

Биз үчүн күтүүсүз болгон жок. Казакстан бул чечимди жокко чыгарууга жетишти, ал эми Өзбекстан аны киргизүүнү кийинкиге – 2027-жылдын мартына чейин калтырды.

Мындан тышкары, өткөн жылдан бери 21 жашка чейинки балдар үчүн белгилүү бир чектөөлөр бар болчу. Бала эрезеге жеткен күндө да, ата-энесинин биринин коштоосунда саякатташы керек болчу. Чоң ата, чоң эне неберелери менен уча алган эмес – атасы же апасы коштоп жүрүшү керек эле.

– Египетке жаңы эрежелер киргизилгенден кийин канча турист сапарын токтотту? Массалык брондоолорду жокко чыгарылган учурлар болдубу?

– Ооба, Кыргызстандын жарандары тарабынан 100 пайыз жокко чыгарылды. Туроператорлордун баары токтотуп, толук акчаны кайтарып берип жатышат. Эгерде туристтер башка багыттарды тандабаса, биз эки жуманын ичинде акчаны кайтарып берүүгө кепилдик беребиз же башка багыттарга кайрадан брондойбуз.

– Орточо кыргызстандык үй-бүлө үчүн жаңы талаптарды аткаруу канчалык реалдуу? Бул Египетте эс алууну белгилүү бир категориядагы туристтер үчүн жеткиликсиз кылабы?

– Биринчиден, Египетке визалар Астанадагы элчиликте берилет, ал абдан татаал иштейт. Так даталар, так мөөнөттөр жок. Документтер боюнча ар кандай кошумча кагаздарды талап кылышы мүмкүн. Каттоо кеминде бир жарым айга созулат.

Визанын баасы адамдардын санына жараша болот. Минималдуу 100-150 доллар. Чынында, 95% адамдар ушул этаптан эле четтетилет. Сапарга чыгууга чындап умтулган 5%ы кандайдыр бир жол менен документтерди каттата алышат. Деги эле Египет биздин туристтер үчүн дээрлик жеткиликсиз болуп калууда.

– Египетке турларды токтотуудан улам кыргызстандык туроператорлор кандай каржылык жоготууларга учурап жатышат? Алдын ала брондолгон саякаттарды жокко чыгаруудагы чыгымдарды ким көтөрөт?

– Бул жерде жоготууларды туроператорлор эмес, алар үчүн акчаны кайтарып берген мейманканалар көтөрөт. Алардын өз ара келишимдери бар. Анын үстүнө, булар эртеңки же бүрсүгүнкү эмес, кеминде 10 күндөн кийинки турлар.

Авиакомпаниялар тарабынан кандайдыр бир кармоолор болушу мүмкүн, бирок бул алардын ички иши. Менимче, алар көп деле жоготпойт. Мындан тышкары, алыскы күндөргө, анын ичинде Жаңы жылга көп орундар брондолгон. Кандайдыр бир жол менен бул орундар башка адамдарга кайрадан брондолот. Ошондуктан, азырынча олуттуу каржылык чыгымдар байкалбайт.

– Египетке эс алууну пландаган туристтер азыр кайсы өлкөлөрдү тандап жатышат? Суроо-талап биринчи кезекте кайсы жакка багытталат?

– Акыркы эки жылдан бери биздин туристтердин көбү Вьетнамды тандап жатышат. Бул жыл бою туристтик багыт болуп саналат. Мисалы, жайында Данангды, кышында Фукуокду тандаса болот. Нячанг да жыл бою туристтик багыт болуп саналат.

Азыркы учурда Бишкектен Вьетнамга, атап айтканда Фукуокко жумасына үч жолу каттамдар бар. Таиландга, Пхукетке декабрь айынан баштап жумасына эки жолу каттам аткарылат. Мындан тышкары, Египетке каттамдар токтогондон кийин Жаңы жылга карата Хайнань багыты пайда болду. 30-декабрдан баштап ал жакка жумасына бир жолу каттам аткарылат.

Бирок көпчүлүк туристтер, болжол менен Египетке эс алууну пландагандардын 70%ы Фукуокко барууга макул. Бул багыт бизге баа категориясы, ыңгайлуулугу жана аба ырайы боюнча жакыныраак.

– Египетке эс алууну брондоп койгон же жакынкы айларда саякаттоону пландап жаткан кыргызстандыктарга кандай кеңеш бересиз?

– Кеминде жарым жыл-бир жыл, кийинки кышкы сезонго чейин Египетти пландабай эле койсоңор болот. Азыр кандайдыр бир жол менен биздин жарандарга саякаттоого уруксат берилсе да, учуулар, сыягы, Алматы же Ташкенттен гана болот, анткени туроператорлор каттамдарды коюуга жана бүт учакты толтурууга жетишпей калат.

Фукуокко жумасына үч жолу түз каттамдар ачылгандан кийин, Египет багытындагы каттамдардын толушу кыйындап баштады. Мурда Египетке да жумасына үч каттам жасалчу, бирок кийин жумасына бир каттамга чейин кыскартылган. Бул болжол менен бир жарым ай мурда болгон. Бир каттам – бул жумасына болжол менен 180 адам.

Учурда бардык каттамдар токтотулду. Акыркы учуу 29-октябрда болгон, жүргүнчүлөр 4-5-ноябрга караган түнү кайтып келиши керек. Ушуну менен бүтөт.

Казакстандан Египетке саякаттоо брондоолору да токтотулду. Башкача айтканда, азыркы учурда виза маселелери чечилмейинче, Египет багытындагы туризм такыр каралбайт.