Ишкерлер «Мегаполис» ресторанына байланыштуу талаштан улам президентке кайрылышты
сүрөт социалдык тармактардан алынды
3 ноябрь

Ишкерлер «Мегаполис» ресторанына байланыштуу талаштан улам президентке кайрылышты

Социалдык тармактарда ишкерлердин президент Садыр Жапаровго Токмок шаарындагы «Мегаполис» ресторанынын айланасындагы кырдаалды териштирип берүү өтүнүчү менен кайрылган видеосу жарыяланды.

Кайрылуунун авторлорунун айтымында, алар былтыр февраль айында «Шумкар» детективдик жана күзөт агенттиги менен ресторанды реконструкциялоо жана ишке киргизүү боюнча келишим түзүшкөн.

Алардын билдиришинче, каралган иштердин баарын толук аткарып, 4-сентябрда ресторанды ишке киргизишкен. Учурда мекеме ишин улантууда.

Ошол эле учурда ишкерлер долбоорду аяктоо жана куруучулар менен эсептешүү үчүн өздөрүнүн жана карызга алган каражаттарынан 95 миң доллар, башкача айтканда 8,3 млн сомдон ашык акча жумшашканын белгилешет.

Бирок алардын айтымында, бул каражаттар ушул күнгө чейин кайтарылган эмес.

Мындан тышкары, келишимдин шарттарына ылайык, алар ресторандын кирешесинин 30 пайызын алууга тийиш болгон. Бирок ресторан ачылгандан кийин ишкерлер жумуштан четтетилип, каржылык отчеттор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын билдиришүүдө.

Кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин ысымы да аталып, президенттен долбоордун каржылык жагдайларын компетенттүү органдарга текшертүү өтүнүчү айтылган.

«Бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз. Компетенттүү органдарга ресторандын жана детективдик агенттиктин каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырыңыз. Биз акчабызды кайтарып, ак эмгегибиз менен тапкан үлүшүбүздү алууну суранабыз», — деп айтылат видео кайрылууда.

Ошондой эле кайрылуунун авторлору жеке пикир келишпестикти жаратууну көздөбөй турганын, маселени сүйлөшүү жолу менен, эки тарапка тең алгылыктуу шарттарда тынчтык жолу менен чечүүгө даяр экенин билдиришкен.

«Биз чыр-чатак издебейбиз, адилеттүүлүктү издейбиз», — деп белгилешкен алар.

Белгилей кетсек, видеодо айтылган жагдайлар кайрылуунун авторлорунун билдирүүлөрү болуп саналат. Ал эми Медербек Саккараевдин жана аты аталган башка адамдардын бул маселе боюнча позициясы жарыяланган эмес.