Кыргызстанда эң көп кибер кылмыштар Бишкек жана Ош шаарында катталат
4 декабрь

Кыргызстанда эң көп кибер кылмыштар Бишкек жана Ош шаарында катталат

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Чолпон Назаркулованын айтымында, Кыргызстанда кибер кылмыштуулукка эң көп кабылган аймак – бул Бишкек жана Ош шаарлары. 

“Эң жакшысы – эч кимге ишенбеш керек. Алдамчылар алтурмак аба ырайына жараша кылмыш жасашат. Мисалы, бир ай мурда кар жаабадыбы. Ошол маалда Телеграмдагы жарнама каналдарга “арзан көмүр сатабыз” деген жарнама тарады. Бизде жарандар кышка эрте кам көрбөйт эмеспи, а күн сууктаганда “4 миң сом”, “5 миң сом” деген арзан көмүрлөрдү алууга шашылып, акчасын алдын ала которгондор кездешти.

Андан сырткары Инстаграмда “кышкы дөңгөлөк сатабыз” деген алдоолор болду. 15-сентябрда окуу жайларда окуу башталып, студенттер жапырт шаарга келишти. Ал маалда мисалы, “Лалафодо” ижарага арзан батир сунуштаган алдамчылар көбөйдү. Жакшынакай батирлердин сүрөтүн коюп коюшуп, алдын ала төлөм которууну сурашат. Негизи, батир ижарага алууда өзүң барып, көзүң менен көрмөйүнчө акча которбош керек”, – деди Назаркулова.