Германиялык туркомпаниялардын өкүлдөрү Жалал-Абаддын туристтик жайлары менен таанышууда
2 июнь

Германиялык туркомпаниялардын өкүлдөрү Жалал-Абаддын туристтик жайлары менен таанышууда

Германиялык туркомпаниялардын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарына келишти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аларды Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги "Курманбек - кылымдар мурасы" триумфалдык аркасынан шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев тосуп алып, конокторго шаар тууралуу учкай маалымат берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Германиянын туристтик компанияларынан жалпы 60 адам келген. Алардын 12си Жалал-Абаддын туристтик жайлары менен таанышууда.