Айбек Жунушалиевге "Баткен облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге "Баткен облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 13-октябрда Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 25 жылдыгына карата уюштурулган илимий конференциянын салтанаттуу бөлүгүндө облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар сыйланды.
Алардын катарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да бар, ага наамды облус башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырып, 2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалдан соң, Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.