Кыргызстан санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект боюнча ДССУ менен кызматташууну бекемдейт
31 октябрь

Кыргызстан санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект боюнча ДССУ менен кызматташууну бекемдейт

Копенгагенде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа региону боюнча 75-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ДССУнун Европа регионалдык бюросунун санарип саламаттык сактоо боюнча кеңешчиси Дэвид Новилло менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына жасалма интеллект жана санариптик чечимдерди киргизүү демилгесин колдоого, анын натыйжалуулугун жогорулатууга жана медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга даяр экендигин билдиришти.

Ошондой эле тараптар санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу, санариптик технологияларды коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонуу, ошондой эле ДССУнун Европа регионуна кирген өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Бул аракеттер Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы санариптик трансформациясын тездетүүгө багытталган.

Жолугушууда эки тарап өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти. 

ДССУ Кыргызстандын санарип саламаттык сактоо жаатындагы улуттук артыкчылыктарын колдоого даяр экенин билдирди. Министр Эркин Чечейбаев бул өнөктөштүк Кыргыз Республикасы менен ДССУнун туруктуу жана жемиштүү кызматташтыгынын дагы бир далили экенин, заманбап, туруктуу жана бейтаптын муктаждыгына ылайык уюштурулган саламаттык сактоо системасын түзүүдө маанилүү кадам болуп жаткандыгын баса белгиледи.