“Түндүк” аркылуу өзүнө өзү онлайн кредит алууга тыюу салуу: кантип ишке ашырат?
57 миңден ашуун кыргызстандык “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө өзү кредит алууга тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Айтымында, бул ыкма жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн Улуттук банктын кабыл алган чечимдеринин негизгиси.
“Өзүнө өзү кредит алууга тыюу салуу – бул өзүн алдамчылардан финансылык жактан коргоо жана кредиттик тарыхын коргоо. Акыркы жылдары бирөөнүн атынан башка бирөөлөр онлайн кредит алып, аны албаган жаран төлөөгө аргасыз болгон учурлар кездешкен. Ошондуктан, бул ыкманы ар бир жаран колдонсо болот”, – деди Карабаева.
Ал белгилегендей, “Түндүк” порталы аркылуу тыюу салуу жөнөкөй, ыкчам жана акысыз. Жаран “Пайдалуу кызматтар” бөлүмүнө кирет. Анын ылдый жагында “Кредит алууга тыюу салуу” деген кызмат бар. Аны тандап, “Өтүнмөнү жиберүү” баскычын басуу керек. Ошону менен тыюу салуу ишке кирет.
“Эгерде канча бир убакыттан кийин өзүнө өзү кредит алууга тыюу салган жаранга кредит алуу зарылчылыгы жаралса, кайра эле ушул жол менен аталган бөлүмгө кирип, мында тыюу салууну алып койсо болот. Өтүнмө жөнөтүлгөндөн кийин 12 сааттан соң гана тыюу салуу алынат”, – деди Улуттук банктын өкүлү.
