Башкы планга ылайык Ош шаарынын борбордук көчөсү заманбап өңүттө жаңыланат
31 октябрь

Башкы планга ылайык Ош шаарынын борбордук көчөсү заманбап өңүттө жаңыланат

Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Закиров көчөсүнө чейинки аралыгы башкы планга ылайык ачылып (пробивка), аталган көчө Б.Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтилет. Заманбап шартка ылайык көрктөндүрүлүп, толук түрдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Заманбап жол чырактар орнотулуп, жолдогу эскилиги жеткен бетон тосмолор мрамор таштар менен жасалгаланып, көчөгө заманбап жана эстетикалык көрүнүш тартууланат.

Аталган көчө Ош шаарын экиге бөлүп турган Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өтүп, шаарды бириктирип турган өзгөчө мааниге ээ борбордук көчө болот.

Бул иштердин эскиздик долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.