Кыргызстанда бир жумада 348 мас айдоочу кармалды
2 июнь

Кыргызстанда бир жумада 348 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 26-майдан 1-июнга чейин, алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 817;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 348;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 145;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 350;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 024;

-Авто ээнбаштык – 45;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 504;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 8;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 582;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 457  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.