Жол эрежесин сактоо — ар бирибиздин милдетибиз: Кызыл-Кыяда окуучулар арасында сынак өттү
4 декабрь

Жол эрежесин сактоо — ар бирибиздин милдетибиз: Кызыл-Кыяда окуучулар арасында сынак өттү

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Кызыл-Кыя шаарындагы А.С. Пушкин атындагы орто мектебинде Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан “Жол эрежесин сактоо — ар бирибиздин милдетибиз” аттуу түшүндүрүү жана алдын алуу максатын көздөгөн сынак уюштурулду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Иш-чарага жалпы 8 команда катышып, ар бир команда жол коопсуздугуна, жүрүм-турум маданиятына жана эрежелерди сактоого байланыштуу билимдерин, чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Сынактын жүрүшүндө окуучулар сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулап, суроо-жооп форматында күч сынашты.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командалар Дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты – өсүп келе жаткан жаш муундун арасында жол эрежелерине болгон жоопкерчиликти арттыруу жана жол кырсыктарынын алдын алуу болду.