Кыргызстанда жер титирөө катталды
4 декабрь

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 4-декабрда саат 13:44тө Кытай Эл Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 4,5 балл, Кумтөр ишканасынын аймагында 4 баллга чейин сезилген.

Учурда Сейсмология институту тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.