Жалал-Абадда Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлер эскерилди
25 октябрь

Жалал-Абадда Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо милдетин аткаруу учурунда курман болгон жоокерлер эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Баткен коогалаңынын ардагерлери, каза болгон жоокерлердин жакындары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары, Баткен жергесинде мекендин тынчтыгын сактоо үчүн баатырларча курман болгон эр-азаматтардын эмгеги, алардын каармандыгы эч качан унутулбасын белгиледи. Аны менен катар, каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтты.

Белгилей кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына Жалал-Абад облусунан 2 миңден ашуун жоокер катышкан. Террорчулар менен болгон кагылышууда облустан барган 17 жоокер баатырларча курман болуп, 20га жакыны жараат алган.

Учурда облуста 800дөн ашуун Баткен согушунун ардагери жашайт.